Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсенин жыты мурунга катуу таасир берүү, катуу жыттануу. Биз үйгө киргенде чыгдан жактан ышталган саба менен ууз кымыздын жыты мурдубузду жарды («Кыргызстан маданияты»). Тер жыттанган үйдүн ичи таза абадан киргендердин мурдун жарып жиберди (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсенин жыты мурунга катуу таасир берүү, катуу жыттануу. Биз үйгө киргенде чыгдан жактан ышталган саба менен ууз кымыздын жыты мурдубузду жарды («Кыргызстан маданияты»). Тер жыттанган үйдүн ичи таза абадан киргендердин мурдун жарып жиберди (Абдукаимов). В.: Мурунду жаруу. Сабыр кара чатырга келгенде балыктын сүрсүгөн жыты мурунду жарды (Жусупов).